
Бишкекте 4 миң сомдук көмүр элге паспорт менен сатылып жатат. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалыматында айтылат.
Билдирүүгө таянсак, тургундар паспорт менен жашаган дареги боюнча каттоодон өтүп, 2 тоннадан көмүр сатып алууга болот.
"Акыркы күндөрү ортомчулар “Кыргызкөмүр” алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5000 сомдон ашырып сатып жатканы жашыруун эмес. Биздин ишкананын максаты, чыныгы көмүргө муктаж жөнөкөй тургундарды арзан баада көмүр менен камсыздоо", - деп жазылат маалыматта.
Арзан көмүр сатылып жаткан даректер:
- Мурманский көчөсү 126;
- Айланма жол/Алма-Ата көчөсү менен кесилишет;
- Айланма жол/Киргизская көчөсү менен кесилишет;
-Достоевский көчөсү 97к.
Бишкектин тургундары таңкы 9:00дөн кечке чейин аталган даректерден алса болот.