Бишкекте былтыр көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга дээрлик 11 миллион сом айып салынган
2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү иштерин көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 1765 протокол түзүлүп, 10 миллион 995 миң 500 сомго айып салынган. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, протоколдор төмөнкү мыйзам бузуулар үчүн түзүлгөн:
- Белгисиз жерлерге таштанды чыгаруу үчүн жалпы суммасы 4 миллион 132 миң сомго 656 протокол;
- Көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн жалпы суммасы 126 миң 500 сомго 315 протокол;
- Көчөттөрдү зыянга учураткандыгы жана өз алдынча топурак казгандыгы үчүн жалпы суммасы 990 миң 500 сомго 117 протокол.
Бишкек мэриясы бардык катталган фактылар боюнча КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык чаралар көрүлөрүн эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.