Бишкек мэриясынын балансына 30 сотых жер кайтарылды
Бишкектин Шабдан Баатыр проспектиси менен Достоевский көчөсүнүн кесилишиндеги аянты 30 сотых жер мэриянын балансына кайтарылды. Бул тууралуу калаа мэрииясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, борбор калаанын Свердлов районунда мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы астында мыйзамсыз берилген жер участокторун кайтарып алуу жана гараж кооперативдерин мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
“Бул участокто муниципалдык унаа токтотуучу жайды уюштуруу пландалууда. Учурда ал жерде капиталдык курулуштар, жер тилкенин айланасындагы тосмолор жана чатыр жайгашкан”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.