super.kg logo

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, бир унааны басып калды (фото)

 

Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кар көчкү кечээ, 10-январь күнү саат 23:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн. Мындан улам жол жабылды.

Кар көчкүдөн улам Жайыл районундагы "Сосновка" постунда унаанын бардык түрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Учурда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда.

Социалдык тармактарда кар көчкү Тойота Эстима үлгүсүндөгү унааны басып калган видео тарады. Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Кызматкерлер унааны чыгарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: