super.kg logo

Милиция жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт

 
Баткен облустук милициясы калаада жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.
Милиция кызматы билдиргендей, 2023-жылы 10-январда жаран Ш.А. Баткен ШИИБнин нөөмөт бөлүгүнө чалып, Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирген.
Аталган факты 2023-жылдын 10-январь күнү Баткен ШИИБинин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталган.
Өзгөчө белгилери: Жашы 45-50 чамаларында, бою 155-165 сантиметр, кашы, көзү кара, арык чырай дене түзүлүштө, чачы кыска жана психикалык жактан жабыркаган. Өзүн Санабар деп таныштырып жүргөн.
Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү узун күрмө, кара шым, көк түстөгү свитер.
Милиция маркумдун аты-жөнү аныкталбай жана жакын туугандары табылбай жатканына байланыштуу ал тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: (03622) 5-00-68, 0508 03 16 35.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: