super.kg logo

Сабина Насырова "Бишкек сулуусу-2013" наамын утуп алды

 

Кечээ, 8-декабрда борборубуздагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Бишкек сулуусу-2013" сынагы болуп өттү. "Борбор шаардын сулуусу" наамын алуу үчүн Бишкек шаарынын 27 кымча бел кызы ат салышты. 

Сынакта кыздар  “Өзүн-өзү тааныштыруу”, “Кечеге кийүүчү көйнөк”, “Дизайнерлердин көйнөгү” жана “Бикини” этаптары боюнча күч сынашты. 

Уюштуруучу Рыскүл Намазбекова “Жыл сайын мэриянын колдоосунда өтүүчү сулуулар сынагын баштап жатабыз. "Бишкек сулуусу" аталып, жеңүүчү деп табылган кыз 2014-жылы жазында Кытайда өтүүчү “China Global” сынагында Кыргызстандын намысын коргойт” деп билдирди. 

Сулуулар сынагында алып баруучулукту Бакыт Байсариев аркалады. Ырчы Анжелика, “One magazine” журналынын редактору Аида Дөөлатбакова, сынактын демөөрчүлөрү Азиз Рыскулбеков, Рамон Абдусапаров, стилист Тилек Бекболотов жана журналист Караколов Арстан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катарын толукташты. Сынактын жыйынтыгында баш байгени жана "Бишкек сулуусу-2013" наамына 18 жаштагы Сабина Насырова татыктуу болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: