super.kg logo

Борбор калаада катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды

 

Бишкекте катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, атайын чатырлар ордо калаанын 4 районунда тең тигилди. Түйүндөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уюштурулган.

Жылытуу жайлары төмөнкү даректер боюнча орнотулат:
Биринчи май району:
  • Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Октябрь району:
  • №5 кичи районунда Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1/1 үйдүн жанында;
  • №12 кичи районундагы Маданият үйүнүн жанында;
  • Тунгуч кичи районундагы Глобус супермаркетинин жанында.
Ленин району:
  • "Октябрь" кинотеатрынын жанында;
  • "Манас" кинотеатрынын жанында;
  • Чүй, 315 дарегинде жайгашкан Ленин райондук акимчилигинин түштүк-батыш жагында.
Свердлов району:
  • Восток-5 кичи районундагы "Мини арбат" аялдамасында;
  • Красный строитель конушундагы Бельск көчөсүндө (№4 автобустун акыркы аялдамасы);
  • Чыгыш автовокзалынын ичинде жана "Дордой" базарындагы "Азия" ТЭЦинде.

Чатырларда тургундар жылынып, ысык чай ичип алса болот.

Алардын ар биринде ведомствонун бир кызматкери нөөмөттө турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: