super.kg logo

Кыргыз элчиси Мадмаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту

 

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуп, ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Түркмөнстандын мамлекет башчысы элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган.

Өз кезегинде Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын президентине жылуу кабыл алгандыгы жана калоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн жана бир тууган элдердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого зарыл болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгын белгиледи.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу кызматташууга кошумча түрткү жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун баса белгилешти", - деп билдиришти министрликтен.

Азизбек Мадмаров Түркмөнстанга элчи болуп 2022-жылдын ноябрь айында дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: