super.kg logo

Ысык чай берилет. Аймактарда катуу сууктан улам жылынуучу пункттар ачылды

 

Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөгөндүктөн аймактарда жарандар үчүн жылынуучу пункттар ачылды. Маалымат ӨКМ тарабынан кабарланды.

Белгилүү болгондой, Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында 4 пункт иштеп жатат.

Мындан сырткары Бишкек шаарынын:

  • Свердлов районунда 2;
  • Ленин районунда 3;
  • Биринчи Май районунда 1;
  • Октябрь районунда 3 чатыр тигилип, жылынуучу пункттар уюштурулду.

Автоунаа жолдорунда каттамдар жабылганда, чектөөлөр киргизилгенде жүргүнчүлөргө кам көрүү максатында:

  • Бишкек-Ош жолунда "Арал", "Сосновка" постторунда;
  • Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында;
  • Бишкек – Токмок автоунаа жолунун боюнда, Кант шаарында ӨКМдин аймактык башкармалыктары менен биргеликте жергиликтүү бийилик тарабынан жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулду.

"Мындай камкордук материалдык чыгымдарга учуратпоо, энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн, автоунаа жолдорунда коопсуз каттамды камсыздоо, жайыттарда малдарды чыгымсыз кармоо максатында ишке ашырылууда", - деп жазылат ӨКМ тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө аймагында 12-13-январда абанын температурасы кескин төмөндөшү маалымдалган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: