super.kg logo

Ызгаардуу сууктан кантип сактануу керек? Ден соолукту чыңдоо борбору эрежелерди сунуштайт

 

Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, суук болуп жаткан кези. Мындай аба ырайы гипотермия жана үшүк алуу ыктымалдыгын жогорулатат. Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору гипотермиядан жана үшүктөн сактануу үчүн жөнөкөй эрежелерди сунуштайт.

Гипотермия – дене температурасынын 35°C же андан төмөндөшү. Үшүк – абанын төмөнкү температурасынын (-10°С… -200С төмөн) таасиринен дененин кайсы бир бөлүгүнүн бузулушу.

Гипотермия балдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Анткени балдарда дененин терморегуляциясы толук калыптана элек, ал эми улгайган адамдарда жана кээ бир ооруларда бул функция көбүнчө бузулат.

Мындан тышкары, гипотермия организмдин коргоочу касиеттерин төмөндөтөт жана курч респиратордук оорулардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Гипотермиядан жана үшүктөн сактануу үчүн эрежелер:

* Биринчиден, сыртка чыгаардан мурун туура кийинүү керек;

  • бут кийимдер суук мезгилге ылайык, тар эмес, таманы жылуу жана бийик болушу керек;
  • колдор үчүн мээлей эмес, шамал өткөрбөй турган кездемеден жасалган кол каптарды тандаган жакшы;
  • жаак менен ээкти жоолук же моюн орогуч менен коргоого болот;
  • Чоңдорго да, балдарга да жылуу баш кийим кийүү керек;
  • шамалдуу суук аба ырайында, сыртка чыгаардын алдында дененин ачык жерлерин коргоочу крем менен майлоо зарыл, бирок нымдагыч крем менен эмес;
  • жылуу кийинүү керек, бирок денени дем алдыруучу кенен кийимдер болгону жакшы. Бул кандын нормалдуу айлануусуна өбөлгө түзөт.

* Ызгаардуу суукта ачка, чарчап сыртка чыкпоо;

* Эшикке чыгаардын алдында жакшы тамактануу маанилүү. Ысык тамак же ысык чай, эң жакшысы лимон, бал кошуп, үйдөн чыгаарда жарым саат мурун ичүү керек;

* Алкоголдук спирт ичимдиктерин ичпөө;

* Суукта тамеки тартпаганга аракет кылуу абзел. Анткени тамеки чегүү учурунда тамырлардын спазмы пайда болот, буттарга кан агымы азаят;

* Сыртта жүргөндө убакытты чектөөгө аракет кылуу зарыл. Үшүп баратканын сезген учурда мүмкүн болушунча тезирээк каалаган жылуу бөлмөгө же дүкөнгө, кафеге, дарыканага ж.б.у.с жайларга кирүү.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө аймагында 12-13-январда абанын температурасы кескин төмөндөшү маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: