super.kg logo

Алтынбек Максутов Болгариянын туризм министри менен жолугушту

 

Бүгүн, 13-январда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Болгариянын туризм министри Ильин Димитровду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тыгыз кызматташуунун бир катар маселелери боюнча пикир алышып, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулады.

"Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов туризм тармагындагы абал, өлкөнүн чет мамлекеттер менен болгон кызматташтыгы, анын ичинде туристтик маршруттар боюнча, түз авиакаттамдардын ачылышы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, жолугушууда туризм тармагында кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимди иштеп чыгуу жана ага кол коюу маселеси көтөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Болгария элине таанылуусун арттыруу, ошондой эле туристтик агымды көбөйтүү максатында кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: