Кыргызстандан Тажикстанга өтүп кеткен 427 баш топоз кайтарылды
Кыргызстандан Тажикстанга өтүп кеткен 427 баш топоз кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
Кабарлангандай, 12-январь күнү УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чек ара кызматынын чек арачыларына Кыргызстандын жарандары кайрылып, алар жайлоодо 427 баш топозу Тажикстанга өтүп кеткени айтышкан.
Аба ырайына байланыштуу чабандар топоздорду өз алдынча издей алышкан эмес.
Ал эми бүгүн, 13-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, андан соң топоздор ээлерине кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.