super.kg logo

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кат жолдоду.

"Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамлекеттер достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишти.

Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди биргелешип илгерилетүүдө.

Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, аларды жаңы практикалык мазмунга толтурууга мындан ары да ар тараптан салым кошобуз деп терең ишенем", - деп айтылат билдирүүдө.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2023. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жебей эле койсун меникин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: