super.kg logo

Эки тараптуу алакага 30 жыл. Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду куттуктады

 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

“Сизди Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгында биргелешкен аракеттерибиз менен мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулбастыгын өз ара урматтоо принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплексин мындан ары өнүктүрүүнү камсыздай алабыз деп ишенем. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин бакубаттыгы үчүн достук, ынак коңшулук жана өнөктөштүк нугунда өнүгүшү керек деп эсептейм”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурдан пайдаланып президент Садыр Жапаров президент Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2023. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир нерсе жазайын дейм ,бирок жазбай эле койоюн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: