super.kg logo

Жапаров: "Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 миллиард сом багытталат"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызыматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарууда 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 919 миллиард сомдон ашуун болгондугун билдирди.

"2 жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өстү. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 438,1 миллиард сомду түздү. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 миллиард 600 миллион сомго, же 177 пайызга өстү. Келерки жылы аны 503 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет. Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 миллиард сом багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, Айыл чарба министрлиги сугат жана үрөн сатып алуу маселелеринде калкка колдоо көрсөтүүгө алдын ала кам көрүшү керек.

"Транспорт министрлиги битум сатып алуу, атайын техникаларды алуу боюнча өз убагында келишим түзүп, Жол фондунун иши боюнча маселелерди иштеп чыгуусу зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча ишти күчөтүшү керек. Ошондой эле Социалдык фондунда бир катар реформаларды жүргүзүү зарыл", - деп белгиледи ал.

Кеңешменин жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү мекемелеринде билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча иш алып баруусу зарыл экендиги айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: