super.kg logo

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 14-январда өз ара макулдашууга ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашты.

Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди.

Мамлекет лидерлери көп тараптуу түзүмдөрдүн платформаларында кызматташуунун, БУУнун жана башка аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн позитивдүү тажрыйбасын баса белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерди белгилешти, бул жалпы узундугунун 63 пайызын түзгөн 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилешип, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: