super.kg logo

Акылбек Жапаров Бишкектеги тазаланган кремний диоксид гранулдарын өндүрүүчү заводго барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводго барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жапаров заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыкты.

Ишкананын өндүрүш линиясы заманбап станоктор, ошондой эле өзүнүн жеке уникалдуу иштеп чыгуулары менен жабдылган. Мында заманбап технологиялык чечимдер колдонулат.

Заводдун продукциясы чет өлкөлөргө, анын ичинде Корея, Германия, Кытайга экспорттолот.

Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батареяларды өндүрүү, жарык техникасы жана оптика, фармацевтика жана химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы "Кыргызиндустрия" ААКга өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу максатында долбоорду каржылоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: