super.kg logo

Декабрь айында Улуттук банк 147 миллион доллар сатты

 

Декабрь айында Улуттук банк 147 миллион доллар сатты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык валюталык (алтын) резервдери 18 миллион 540 миң долларга көбөйгөн.

Башкы банктын резервдер тууралуу маалыматы:

ноябрдын аягында — 2 миллиард 779 миллион 550 миң доллар;

декабрдын аягында — 2 миллиард 798,1 миллион доллар.

Ачык маалыматтар боюнча, өткөн айда Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногуна 147 миллион доллар сатып, чет элдик валюта сатып алган эмес.

Резервдердин көбөйүшүнүн себеби айтыла элек, бирок башкы банктын маалыматына караганда, алтын корунун наркы соңку убакта өсүп, декабрь айынын башына карата 78 миллиард сомго жеткен.

Эске салсак, Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун колдоо үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: