super.kg logo

"Электр жарыгын өчүрүүлөр болгон жок" дейт Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы

 

Өлкөдө электр жарыгын өчүрүүлөр болгон жок. Кээ бир өчүрүүлөр жөнгө салуу иш-чараларына байланыштуу болууда. Бул тууралуу маалымат жыйында "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди.

"Белгилүү болгондой акыркы күндөрү абдан суук болду. Бирок аба ырайы жылып келе жатат. Бишкек жылуулук борбору келтирилген жүктөмдөрдү туруктуу көтөрүүдө. Энерготутум толук кандуу күз-кыш мезгилине даярдык көргөн. Ошол себептен чоң мүчүлүштүктөр болгон жок. Энергетиктер толук кандуу көзөмөл жүргүзүп иштөөдө", - деди төрага.

Байгазиевдин айтымында учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 350 миллион кубду түзөт.

"Ушул күндөрү суткасына 70 миллион кубдан көп суу керектелип жатат. Эл ичинде суулар кайда кетти деген суроолор жаралышы мүмкүн. Кыштын чилдесинде ушундай максималдуу суу керектелет. Эгерде он күн ушундай режим менен иштесе 700 миллион куб суу кетет. Ошону менен санап көрсөк жаздын күнүнө Токтогул электростанциясы иштебей калышы мүмкүн. Ошондуктан биз жөнгө салуу иш-чараларын жүргүзүүдөбүз.

Мурда айтып өткөндөй Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан менен келишимдерибиз бар. Алардын жагдайы абдан оор болуп жатат. Мисалы, Өзбекстанды алсак, алар 1 миң 500 мегабайт веердик чектөө киргизип жатышат. Казакстанда болсо авариялык жагдайлар көп болууда. Биздики кудайга шүгүр, жакшы эле иштеп келе жатабыз. Азыр маал-маалы менен бир саат өчүрүүлөр болуп жатат. Бул веердик өчүрүүлөр эмес, жөнгө салуу иш-чаралары. Трансформаторлордун зымдары, линиялары чыдабай кетип жатат. Ошондуктан аларды утур-утур алмаштырып жатабыз. Чоң-чоң подстанцияларды алмак-салмак биринен-бирине которуп жатабыз. Которгон учурда бригада бир жерден бир жерге чейин баргыча көп убакыт өтүп кетүүдө. Аба ырайы жылыса мурунку режим менен кетебиз", - деди Байгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.01.2023. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Свет очуп жатат! Очкондо да 24 сааттын ичинде эки жолу очуп жатат.
16.01.2023. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ат-Башыда болгонду эки эле саатка өчүп жатат, Рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: