super.kg logo

Balance'тын - Cash out кызматы менен акчаны оңой жана жөнөкөй чыгарып ал

 

Электрондук капчыктар эбак эле заманбап кыргызстандыктын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бирок соода инфраструктурасы керектөөчүлөрдүн маанайынын жана суроо-талаптарынын аркасынан жетишпей жатат. Натыйжада, биз ар дайым эле электрондук капчыгыбыздын балансындагы акчаны колдонуп, биз тигил же бул кызмат же өнүм үчүн төлөй албайбыз.

Бул учурда жардамга Beeline'дан Balance – Cash out келет. Кызмат электрондук капчыктан акчаны оңой жана жөнөкөй чыгарып алууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн болгону алты кадам керек:

1 кадам:

Balance терминалынын экранынан «Balance Накталай алуу» кызматын тандаңыз

2-кадам:

Терминалдын экранында QR-код пайда болгондон кийин, аны Balance тиркемесинен сканерлеңиз

3-кадам:

Ачылган терезеде накталай чыгара турган акчаңыздын суммасын жазыңыз (МААНИЛҮҮ! Сумма 200 же 500гө калдыксыз бөлүнүүсү керек, антпесе терминал сизге көрсөтүлгөнгө жакын сумманы берүүнү сунуштайт)

4-кадам:

Сиздин номериңизге код жазылган билдирүү жөнөтүлөт.

5-кадам:

«Кодду киргизүү» баскычын басып, тастыктоо үчүн алынган кодду терминалга жазыңыз.

6-кадам:

Тастыктоо кодун жазгандан кийин, терминал сизге керектүү сумманы берет.

Balance.kg колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн Beeline сиз акча ала ала турган терминалдардын кеңири тармагын түздү. Алар республиканын бардык жети облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан. Жалпысынан компания Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына 35 аппаратты орноткон. Терминалдар кайда жайгашканы тууралуу кененирээк бул жерден биле аласыз (шилтеме).

Эске салсак, Balance.kg Кыргызстандын уюлдук операторлорунун санарип өнүмдөрүнүн ичинен лидери болуп саналат жана ал 1 миллион иреттен ашык жүктөлгөн. Тиркеме 400 кызматты жана он миңдеген толтуруу пункттарды камтыйт.

Beeline мүмкүнчүлүктөрдү берет!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: