Ырчы Бегимай Бекбоева оорудан улам каза болду

Бүгүн, 17-январда ырчы Бегимай Бекбоева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров тастыктады.
Маалым болгондой, ал ооруп жүргөн.
Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында туулган. Атасы Токторбек Бекбоев - обончу, аткаруучу. Апасы Жаңыл Кудайбергенова - актриса, куудул. Алгач сахнага 5-классында Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан.
Акыркы жылдары ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен Бегимай Бекбоева 2019-жылдын жазында башынан шишик алдырганын айткан эле.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ырчынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Patriotka

17.01.2023. 13:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кызга да убагында ырчылар башкаларга жардам кылгандай уй алып берсе,жашоосу женил болмок.Катуу депрессия болуп,оор турмуштан коп сыгылып кыйналып калган эле.Эч ким деле конул болбой,апасы да алыста болуп ото кыйналды.Ырчылар да таш боор экен.Интервьюларында айтып эле журду.Аллахым ырахматына алсын,бейишинен орун берсин.Ким бул кызга убагында жамандык кылса оздоруно кайтсын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.