super.kg logo

"Ынтымак" паркында ырдап жылдыз болгон Бегимай Турусбекова кыздуу болду

 

Бир түндө жылдыз болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланган, ырчы Бегимай Турусбекова кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, ал борборубуздагы төрөтканалардын биринде көз жарды.

Айта кетсек, 2022-жылдын 18-июнунда Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган. Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болуп, SUPER.KG порталына маек берген.

Андан кийин көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык "Привет, Андрей" телеберүүсү сюжет жасаган. Тартуучу топ Казарманга чейин барышкан. Ошондой эле келинди Москвага чакырып, аталган берүүгө тартылып келген.

Күз мезгилинде чыгармачылыгын улантуу максатында үй-бүлөсү менен борборго көчүп келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: