super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Нарында авариялык абалдан үзгүлтүк болгон суу элге берилди

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Нарын шаарынын тургуну кайрылган. Ал калаадагы Ленин көчөсүндө 2 күндөн бери суу чыкпай жатканын айтып, даттанган болчу.

"Ленин көчөсүндө 15-январдан бери суу чыкпай жатат. Анын себебин жерди казып таппай жатышыптыр. Эмнеге кышка жазында эле кам көрүп коюшпайт? 70-80 пайызы эскилиги жеткен түтүктөр экен.

Нарында дайыма ушундай жыртык жерин бүтөп коюп эле жүрө беришет элди кыйнап" деген ал.

Аталган маселе боюнча Нарын шаардык мэриясына байланышканыбызда, учурда авариялык абал калыбына келтирилгенин билдиришти.

"Суу авариялык абалга байланыштуу шаардын чакан аймагында, тактаганда, МДС аймагынан Жаңы жолго чейинки бөлүгүндө үзгүлтүккө учураган. Кечээ, 16-январда маселе чечилип, жөнгө салынды. Түндө толук суу берилди", - деп маалымдашты мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: