super.kg logo

Жалал-Абадда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди

 

Бүгүн, 17-январда Жалал-Абадда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 9 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков, атайын полктун ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Атайын багыттагы полктун түзүлгөн күнүнө карата кылмыштуулуктун алдын алдын алууда кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлер жана ички иштер органдарынын ардагерлери медаль, ардак грамоталар менен сыйланды.

"Жеңишбек Абитов атайын багыттагы полктун кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, коомдук тартипти камсыздоодо жана кылмышкерлер менен күрөшүүдө орду чоң экендигин белгиледи. Өздүк курам арасындагы жоготуулар болбой, иштеринде ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектештигин айтып өттү.

Соңунда кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда курман болгон кызматкерлердин жана арабызда иштеп көзү өткөн кесиптеш, куралдаштардын жаркын элесине багышталып куран окулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: