super.kg logo

Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү айтылды

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда кичи мекени Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында өтөт. Бул тууралуу "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу билдирди.

"Булбулубуз менен коштошуу зыйнаты 19-январь күнү, саат 9:30да Көпүрө-Базар айылында өтөт" деди ал.

"Мөлмөлүм" ыры менен элдин эсинде калган Аликеев бүгүн, 17-январда 53 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды.

Өмүр баяны:

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районундагы Кө­пүрө-Базар айылында туулган. Беш бир туугандын кенжеси.

Атасы комузчу, ырчы адам болгон. Убагында Эстебес Турсуналиев менен филармонияда чогуу иштешкен. Бирок Малик Аликеев беш жарымга чыкканда атасы оорудан улам өтүп кеткен. Ырчы болушуна апасынын эмгеги чоң.

Ырчы "Мөлмөлүмдү" 1986-жылы Жаңы жылда Кыргыз драма театрында "Мыскыл жана тамаша" концертинде биринчи жолу ырдап чыккан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Аликеев "Мөлмөлүмдү" таанытып, эл аралап атагы аңыз болуп келе жатат.

Филармонияда эмгектенип жүргөн Малик Аликеев 2015-жылы Таласка кетет. Ал жакта жүрүп жамбаш сөөгүн кокустатып, кийин төшөккө жатып калат. 2020-жылы ага эки жолу операция жасалган. Ырчыга 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы берилген.

2021-жылы Талас шаарында "Мөлмөлүм" аттуу жеке концертин койгон.

Малик Аликеев элге "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым", "Сардал кыз", "Жалжалым" ырлары менен белгилүү. Жубайы Жаңыл айым экөөнүн ортосунда бир уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: