super.kg logo

Кыргыздын Эмгек сиңирген артисти Замир Арыкбаев 42 жашка толду

 

Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Замир Арыкбаев 42 жашка толду. Ал 1981-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Беш бир туугандын ортончусу.

Замир Арыкбаев туулган жеринен билим алган соң 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин транспорт факультетине тапшырып, аны 2003-жылы аяктаган. Ырчы 5-курста окуп жүргөн учурда Консерваториянын фольклор бөлүмүнүн даярдоо курсуна тапшырат. Бирок чыгармачылыкка алаксып, бул окуусун бүтпөй калган. Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон. Андан сырткары ырларга текст жазып, обон жаратып жүрөт.

Ырчы мырза 2005-жылы Лира аттуу сулууга үйлөнгөн. Учурда жубайлар 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Замир Арыкбаев 2021-жылы социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

17-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: