Мамлекеттик кызматкерлердин премия албай калгандыгынын себеби айтылды
Мамлекеттик кызматкерлер албай калган премия өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту.
"Мамлекеттик кызматта иштеген кесиптештер, сиздерге белгилүү болгондой мамлекеттик кызматкерлердин квартал сайын ала турган премиясы өткөн жылдын аягынан баштап убактылуу токтотулган. Премияларды берүүнү токтото туруу чечимин өкмөт кайсы себептен улам кабыл алды? Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди.
Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот. Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган “кварталдык премия”, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз. Ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгары күтүлөт", - деди Орунбеков.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйынында эл өкүлү Кундузбек Сулайманов мамлекеттик кызматкерлерге 13-айлык төлөнбөй жатканын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.