super.kg logo

Министрлер кабинетинин төрагасы Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысына университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.

Белгилесек, көп тармактуу клиникалык ооруканада 60тан ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95%ы – ОшМУ бүтүрүүчүлөрү.

Министрлер кабинетинин башчысы ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канааттануу менен белгиледи.

"Ош мамлекеттик университети ишинен үлгү алчу алдыңкы окуу жайы болуп саналат. Келерки жылга карата илимий изилдөө жана стартаптарды колдоого алуу жаатында иштерди күчтөндүрүү зарыл", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасына көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын финалисттери саналган университеттин ар кыл факультеттеринин студенттери тарабынан даярдалган стартап долбоорлор тартууланды.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго "ОшМУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.01.2023. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булга чапан кийгизиш да убал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: