super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Министрлик Суусамыр-Арал унаа жолу каралбай жатканы боюнча жооп берди

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кайрылып, Жайыл районуна караштуу Суусамыр-Арал унаа жолун Жол тейлөө кызматы карабай жатканына нааразы болгон.

Анда ал "Кыш чилдесинде жолдун абалы мышык ыйлагыдай. Жол тейлөө кызматы иштебейт. Карап дагы койбоптур. Жолдор оюлуп калган. Далай унаалар чуңкурларга тыгылып, таш салып анан чыгып жатабыз", - деген болчу.

Жогорудагы кайрылуу боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине байланышканыбызда, аталган унаа жолду муздан тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

"Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун 167-чакырым бөлүгүндө №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолдун бөлүгүндөгү музду тазалоо, жерди түзөө иштери аткарылды. Жол каттам үчүн ачык.

Бул аймакта суук -50 градуска чейин жетет, андыктан түнкүсүн арыктардагы суу жолго чыгып кетет. Күндүз тегизделип, тазалангандын баары түнү кайра муз менен жабылып калууда", - деп билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: