super.kg logo

Акылбек Жапаров Араван районундагы цемент заводунун иши менен таанышты (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Араван районундагы цемент заводуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 2500-3000 тоннаны түзөт, ал толугу менен автоматташтырылган, калдыксыз иштеп, 500дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылат.

2022-жылдын октябрь айында заводдун аймагында акиташ өндүрүүчү цех курулган, учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 300 тоннаны түзөт. Цех 50 адамды иш менен камсыздайт.

Акылбек Жапаров мындай ишканалар облустун гана эмес, жалпы өлкө экономикасынын динамикалуу өнүгүшү үчүн зарыл экендигин белгиледи.

"Продукцияны сатуунун жаңы рынокторун өздөштүрүү үчүн жаңы талаптарды эске алуу менен заводдун технологиялык жабдууларын өркүндөтүү чоң мааниге ээ. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: