Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда. Буга “Жаз” майрамын майрамдоо себеп болгону айтылды.
Мындан улам “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 21-24-январь аралыгында убактылуу жабык болот.
Билдирүүгө караганда, “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөрдүн өтүүсүнө 25-январдан баштап уруксат берилет.
Ал эми “Торугарт” бекети өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Мында Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүк менен транспорт каражаттары өтө алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.