super.kg logo

Баткенде жаңы бүткөн үйлөр жашоочуларга колдонууга берилип жатат

 
Бүгүн, 18-январда Баткен районунун чек ара аймагындагы айылдарында 30 үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жаңы үйлөрдүн абалынан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана президенттин Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов таанышты.
Пайдаланууга берилген үй ээлерине өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырылды.
"Турак жайлар заманбап түрдө толук шарты менен бүткөрүлүп берилди. Жакынкы күндөрү дагы бир канча үйдүн курулушу аягына чыгат", - деп айтылат маалыматта.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев үй ээлерин ак өргөөлүү болуусу менен куттуктап, куттуу үйгө айланышына тилектештигин билдирди.
Жалпысынан чек ара аймагында 45 үйдүн курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди.





Баткенде жаңы бүткөн үйлөр тапшырылып жатат.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: