Бакиевдин жубайынын сөөгүн алып келген учакка Бишкекке конууга тыюу салындыбы? Президенттин басма сөз катчысы үн катты

"Социалдык тармакта “Учак менен Минсктен келе жаткан Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз.
Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда Бишкекке конуп, жакындары кичи мекенине алып кеткен.
Ошону менен бирге жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз", - деп жазды ал.
Буга чейин фейсбуктагы Кайып Шер аттуу колдонуучу Минсктен келген учакка Бишкекке конууга уруксат берилбей, ушундан улам Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн Алматы аэропортунан туугандары алып кетүүгө аргасыз болгонун жазып калтырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.