super.kg logo

Түркмөнстан суукка байланыштуу Өзбекстанга, Иранга газ берүүнү токтотту, Кытайга газ берүү көлөмүн кыскартты

 

12-январдан тартып Түркмөнстан Өзбекстанга «Дарьялык» станциясы аркылуу жеткирилүүчү жаратылыш газын берүүнү токтотту, - деп жазат «Газета.uz» басылмасы. Басылманын маалыматына ылайык, региондогу аномалдык суукка байланыштуу техникалык себептер менен өчүрүлгөн.

Төмөнкү температуранын айынан «Галканыш» газ конденсатын өндүрүү жайындагы ички коммуникация бөлүктөрүндө гидраттын пайда болуусуна алып келген, деп жазат басылма.

Аталган маселеге байланыштуу Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай газ өткөргүчү аркылуу Кытайга экспорттоло турган газдын көлүмү кыскартылган.

14-январда Ашхабад шаарына Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Сардор Умурзаков сүйлөшүү үчүн келген.

«Метеожурнал» басылмасы маалымдагандай, газдын жетишсиздигинен улам Өзбекстандагы жылуулук электр станциялары жетиштүү көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыга албай жатат, ушуга байланыштуу өлкөдө свет маал-маалы менен өчүрүлүп, газды колдонууга дагы чектөөлөр киргизилген.

2022-жылдын декабрь айында суукка жана электр энергиясы менен камсыз кылуудагы өчүрүүлөргө байланыштуу Өзбекстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууну күнүнө 17-18 миллион кВт сааттан 20-21 миллион кВт саатка чейин жогорулаткан.

«Репортер» сайтынын маалыматы боюнча, Түркмөнстан Иранга дагы жаратылыш газын берүүнү токтоткон.

Борбор Азия өлкөлөрү сыяктуу эле Иранда дагы аномалдуу суук аба-ырайы катталып, газдын көп көлөмдө колдонуусуна жана өлкөнүн түндүк региондорунда дефициттин пайда болуусуна алып келген.

«Метеожурнал» басылмасы билдиргендей, 13-январда Түркмөнстанда рекорддук суук аба-ырайы катталган. Абанын көрсөткүчү -17ден -27ге чейин түшкөн.

«Түркмөнстан окуялары» агенттигин кабарчылары маалышдашкандай, буга чейин газ ишканасынын кызматкерлери Марый велаятынын жашоочуларынын үйлөрүн кыдырышып, 7-январдан 17-январга чейин күнөсканаларды, мал жана тоок сарайларды, нан жасоочу тандырларды газ менен жылытууга убактылуу тыюу салышкан.

13-январда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөнүн мунайгаз тармагын көзөмөлдөгөн вице-премьер Шахым Абдрахмановго жана «Түркмөнгаздын» башчысы Батыр Амановго катуу сөгүш жарыялаган. Өлкө башчысынын мындай нааразычылыгынын себептери айтылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: