super.kg logo

Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны азайды

 

Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5,7 пайызга азайган.

"Муктаж үй-бүлөлөрдүн санынын азайышына калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо боюнча активдүү иш-чаралар, биринчи кезекте президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык электр энергиясына болгон тарифтин төмөндөшү себеп болгон.

2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул алуучулар үчүн тариф айына 700 киловатт саатка чейин керектөө менен 1 киловатт саат үчүн 50 тыйындан белгиленген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 339 миң 100 бала "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алат. Бул өлкөдө жашаган 2,4 миллион баланын 13,9 пайызын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.01.2023. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азайбай эле документ тапшырыш керек жаны жылга башкадан,марттан берилет деп урушуп койду соц работник.Менин документимди кабыл алган жок,мага окшогондор ошончо журушот тапшыра албай
19.01.2023. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакырлар азайбай эле. Жөлөк пул алыш проблема . Документтен-документ ,кагып ,силкип. Машынаң бар,малың бар деп адамды жешет.....
19.01.2023. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок ай кайдагы жомок айтынар соц то иштегендер өлөо корупциянерлер акча бергендерди кабылдап бербегенге жок караган киши жок жалган маалымат бериптир Соцфонд текшергиле уйаты жоктор
19.01.2023. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азайып кетиппи пособия алгандар, менда жакында тапшырма кобойуп калабыз!
19.01.2023. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон айлыгымы шылтоо кылып пособияны токтотуп койду.Эмесе бир балам 1-группада майып.Айлыгым 4400сом
19.01.2023. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чоңдор Американы ачкандай эле жаңылык жасап салышыптыр го "новость века" Ооба пособия албай жыргап калдык жашообуз жомоктогудай
20.01.2023. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, ар кандай страховкаларды көбөйтүп элдин эсебинен бюджетти көбөйтүп, пособие алгандардын да санын кыскарса бул да бюджетке плюс болот. Жыргап жашай бергиле силер. Элчи эл....Элди ойлогон мамчиновник барбы деги? 2млн 4жүз миң пособие ала турган балдардын 339 миңи гана жөлөк пул алат деп өтө кубанычтуү түрдө отчет беришиптир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: