super.kg logo

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги Кыргыз-Түрк “Манас" университетине күнөскана салып берди

 

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги “Адамдык ресурстарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас" университетинин кампусунда 1000 чарчы метр аянтка күнөскана салуу долбоорун ишке ашырды.

Күнөсканадагы жашылча-жемиштер жыл бою бышып, сапаты жана коопсуздугуна кепилдик берүү үчүн бардык шарттар, материалдар жана жабдуулар орнотулган.

“Манас” Университети агрардык факультетинин студенттери азыр өздөрү жашылча өстүрүп жатышат. Алардын эмгегинин аркасы менен күнөсканадан алынган жашылчалар университеттин ашканасында колдонулууда.

«Манас» КТУнун Агрардык факультетинин деканы, илимдин доктору, профессор Атилла Дурсундун билдирүүсүндө ТИКАнын көмөгү жана «Манас» КТУнун администрациясынын колдоосу менен кампуста курулган күнөсканада университеттин Айыл чарба факультететинин студенттери окууга, практика өтүүгө жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле өз алдынча жашылча өстүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгондору айтылат.

Дурсун университеттин ашканасында айыл чарба факультетинин студенттери өстүргөн помидор, калемпир, бадыраң, баклажан, капуста, брокколи, пияз, шпинат сыяктуу жашылчаларды пайдаланышарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: