super.kg logo

Султанбаев: "MEGA компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөйт"

 

MEGA компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал мамлекеттик уюлдук байланыш оператору “Альфа Телеком” ЖАКка байланыштуу кырдаал тууралуу бир аз түшүндүрмө бергиси келгенин (азыр жаңы MEGA соода маркасы менен иштеп, ребрендингге чейин MegaCom деген ат менен белгилүү) жазды.

"Учурда Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы талкууланууда.

Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине MEGA да киргизилип, мындан улам ал толук баалоодон өткөн.

Бул эмнени билдирет?

Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт.

Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө", - деп жазган Султанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: