Кыргызстанга Шавкат Мирзийоевдин келиши күтүлүүдө
Жакынкы аралыкта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.
Муну менен катар Европа жана Азия, Чыгыш өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Кыргызстанга сапары пландалып жаткандыгы айтылды.
"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон иш сапары боюнча өткөн жылдын ноябрь айынан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мирзийоевдин иш сапары жаңы жылдын алдында пландалган, бирок климаттык кырдаалдын начарлашынын фонунда пландар өзгөргөн. Бул боюнча иштер жүрүүдө жана жакын арада келиши күтүлүүдө. Бирок так датасын азырынча айта албайбыз. Бул жылы бир нече Европа жана Азия, Чыгыш өлкөлөрүнүн президенттеринин өлкөбүзгө расмий иш сапарлары менен келиши күтүлүүдө", - деди министр.
