super.kg logo

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Бишкектин жана Чүй облусунун жашоочуларына газды берүүнү токтотпойт

 

Социалдык тармактарда компания Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочуларына жаратылыш газын токтотууну пландап жатат деген чындыкка дал келбеген маалымат активдүү тарап жатат.

Борбор Азияда, анын ичинде Түркмөнстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана биздин өлкөдө болуп жаткан аномалдуу суук аба-ырайына байланыштуу, аталган өлкөлөрдө энергияны колдонуу бир топ эсе өскөндүгү байкалууда.

Ошондой эле «Газпром Кыргызстан» компаниясы дагы 2022-жылдын декабрь айында 2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу жаратылыш газын 40%га жогору көлөмдө сатты. 2023-жылдын январь айындагы 18 күн ичинде баардык категориядагы колдонуучуларга көгүлтүр отту жеткирүүнү 35%га жогорулатты.

Ал эми Казакстан аркылуу республиканын түндүгүн жаратылыш газы менен камсыз кылган магистралдык газ өткөргүчтөгү басымдын азайгандыгына байланыштуу, биринчи кезекте калкты жана социалдык объектилерди (бала бакчалар, мектептер, жылуулук менен камсыз кылган мамлекеттик уюмдар) газ менен камсыз кылуу максатында компания коммерциялык ишканаларга, тагыраагы мончолорго, ресторандарга, кафелерге жана өндүрүштө газ колдонгон ишканаларга убактылуу жаратылыш газын берүүнү токтотууга мажбур.

Мындан тышкары, коммерциялык ишканалар менен түзүлгөн Келишимдин шарттарына, ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 17.10.2015-ж. №152 буйругу менен бекитилген Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерине ылайык, тышкы жеткирүүчүлөр тарабынан жаратылыш газын жеткирүүдө чектөөлөр болсо, Колдонуучуга отундун резервдик түрүн колдонууга өтүү боюнча милдеттенмелер жүктөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: