super.kg logo

Айгүл Жапарова Тегеранда Ирандын биринчи айымы менен жолугушту (фото)

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессине катышуунун алкагында Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода Айгүл Жапарова менен учурашып, Эл аралык конгресске катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирген.

Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алардын аракеттерин бириктирет.

Биринчи айым Айгүл Жапарова чакыруу үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, алдыдагы Конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жакшы диалог аянтчасы болорун белгиледи.

Айгүл Жапарова бүгүнкү күндө аялдын ролу абдан чоң жана алмаштырылгыс экенин баса белгиледи. Кыргызстанда аялдар ар кыл тармактарда эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келишет.

Тараптар бул багыттагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана жогорку потенциалын пайдаланууну макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: