super.kg logo

Ошто суукка байланыштуу зарыл чаралар көрүлүүдө

 

Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын мэриясында кыш мезгилин өткөрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Иш-чарага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, бардык муниципалдык коммуналдык кызматтардын, бир катар социалдык ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө социалдык объектилерди (билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелер) жылуулук менен камсыздоо жана электр энергиясын белгиленген лимиттен ашыкча керектөөгө байланыштуу электр жарыгын кыска мөөнөткө өчүрүү маселелери каралды.

Биринчи маселени кароонун алкагында шаардык билим берүү башкармалыгына МАБ өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелериндеги бардык жылуулук системаларынын ишин текшерүү тапшырмасы берилди.

Ош шаардык РЭТтин маалыматына ылайык, график боюнча эртең менен жана кечинде 1,5 сааттан кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр киргизилди. Буга байланыштуу тиешелүү кызматтарга өчүрүүлөрдүн бекитилген графиктерин элге жеткирүү тапшырмасы берилип, бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдарга электр энергиясын үнөмдөөчү жарык берүүчү лампаларга өтүү сунушталды. Электр жарыгынын убактылуу өчүрүлүшү ооруканалар менен поликлиникаларга, отканаларга тиешеси жоктугу айтылды.

Мындан тышкары төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

- МАБдар жеке сектордо сууну максатсыз пайдаланууну болтурбоо максатында суу түтүктөрүнүн жана суу менен камсыздоо тутумдарынын абалын текшерсин;

- МАБ, казыят жана ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жеке сектордо мештерди колдонууда зарыл болгон коопсуздук нормаларын так сактоо боюнча калкка түшүндүрүү, маалыматтык жана профилактикалык иштерди күчөтсүн.

Ошондой эле көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатуу маселелери каралып, анда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасын атайылап көтөргөн соодагерлерди аныктоо боюнча рейд жүргүзүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: