super.kg logo

Милиция кызматкерлери балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук жардам көрсөттү

 

Кечээ, 19-январда ИИМдин кызматкерлери тарабынан Чүйдөгү балдар үйлөрүнө 390 миң сомдук күнүмдүк керектелүүчү каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, Красная речка айылындагы балдар интернатына видеокөзөмөл орнотууга 50 миң сом жана 170 миң сомдук күнүмдүк керектелүүчү каражаттар тапшырылган.

"Материалдык жардамды ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Кадыркулов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын улук инспектору Азамат Эсенбеков тапшырган.

Буга чейин ИИМдин кызматкерлери тарабынан аталган интернатка төрт видеокөзөмөл орнотулган.

Ал эми Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык станционардык мекемесине жалпы 170 миң сомдук күнүмдүк керектелүүчү каражаттар берилди. Аларды ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги Бекболсун Бейшенов жана ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын улук инспектору Айбек Бейшекеев тапшырды", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: