super.kg logo

Өлкөдө сыра продукциясы маркалана баштады

 

Кыргызстанда сыра продукциясы маркалана баштады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына карата акциздик марка киргизилген.

Алсак, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу, идишке куюлган жана куюлбаган сыраны өндүрүүдө жана импорттоодо акциздик жыйым маркасы менен милдеттүү маркалоо киргизилген.

"2023-жылдын 1-июлунан тартып сыра продукциясынын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Продукцияны маркалоо анын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоо болуп саналат жана калкты контрафакттык товарларды керектөөдөн коргоого арналган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери сырага карата акциз салыгы 30,8 миллион сом өлчөмүндө түшүп, январь айындагы план 7 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 12,6 милиион сомго көп чогултулду", - деп жазылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: