super.kg logo

Өзбек дарыгерлери кыргызстандык сиам эгиздерди ийгиликтүү ажыратышты

 

Ташкентте сиам эгиздерин бөлүү операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сегиз айлык Фатима менен Зухра аттуу кыздар Кыргызстанда төрөлүп, жашап жатышат. Алардын сиам эгиздери экени кош бойлуулуктун 28-жумасында белгилүү болгон. Болочок эне дароо Оштон Бишкекке жөнөтүлүп, бир жумадан кийин, 2022-жылдын 31-майында балдары кесарево операциясынын натыйжасында жарык көрүшкөн.

Төрөлгөн эгиздердин жалпы салмагы 1600 граммды түзгөн. Аларды боору бир эле болгон, бирок өт баштыкчалары өзүнчө түзүлүп, өз милдетин эч кыйынчылыксыз аткарган.

Эгиздер төрөлгөндөн он күн өткөндөн кийин алардын ата-энелерине балдардын аман калууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экени айтылып, үйлөрүнө чыгарылган. Бирок ата-энеси үмүтүн үзбөй Өзбекстандагы профессорлорго кайрылышкан.

Операция 19-декабрда болгон. Операцияны өзбекстандык дарыгерлерден турган топ жасаган.

Учурда ар бир эгизге өзүнчө топ операция жасашты. Адистер балдардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Амрилло Иноятов сиам эгиздерин бөлүү операциясына катышкан адистерге “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгисин жана дипломдорду тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2023. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шерменде болгон окшойбуз, врачтарыбыз умут жок деп. Бобоктордун омуру узун болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: