Өлкө аймагында 355 миң куб метр кар көчкү атып түшүрүлдү

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен артиллериялык күжүрмөн эсепти колдонуп, кар көчкү коркунучу жаралган аймактарда мажбурлап атып түшүрүү жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 13-19-январда Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135, 198-255-чакырымдарында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жол коопсуздугун камсыздоо жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн жалпысынан көлөмү 354 900 куб метр кар күрткүсү мажбурлап атып түшүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.