Садыр Жапаров майдан баштап электр энергиясынын баасы 1 сомго көтөрүлөрүн айтты
Май айынан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 0,77 тыйындан бир сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мамлекет башчы электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өскөнүн, ошондой эле электр жабдыктарынын эскилиги жеткенин айтты.
"Союз мезгилинде электр энергиясын өндүрүү өзүбүздөн ашып, кошуна өлкөлөргө экспортточубуз. Эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаптыр. Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр.
Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда. Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80 пайыздан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт.
Так кесе айтсам энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган", - деп жазды ал.
Мындан улам Садыр Жапаров май айынан баштап электр энергиясынын баасы 0,77 тыйындан бир сомго көтөрүлөрүн белгиледи.
"Сөзүмдүн акырында элге кайрыларым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар.
Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.
Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот", - деп жазып калтырды Садыр Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(16)
Kg-04

21.01.2023. 10:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тыйынынан бери эсептеп калыпсыз урматтуу ажо жеке учканы самолёт албай энергетика га жумшабайсынарбы кекетип койот дагы сырттан гранттар келип атат саны жок ошодон болгуло
Antiradikal12

22.01.2023. 13:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kg-04, урматтуу дебей эле койчу ошол саткынды, эл чыккынчысын.....
Kg-04

21.01.2023. 10:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр Жапаров кыргыз элинин характерин изилдеп болуптур уже кайсыл маалда эмне дешин билет
Allah Akbar

21.01.2023. 13:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
Мурда эле көтөрүш керек болчу 10 жылдан бери болбогон айлыкка суукта иштеп жүрөбүз биздин айлыкты көтөргүлө болбосо иштебейбиз чириген ириген электр энергиясы тойгузду бизди айлык убагында берилбейт тамак аш условия жок чечиничуу жайлар муздак башка мамлекетерде Өзбекстан тоджикстанда Советтин баасы 3 сомдон сатылат зато ошого жараша айлык условия бар бизде дагы көтөрүш керек бааны эски трансформатор эски столбалар аларды жанылаш керек
bosmos77777

21.01.2023. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1)Ортомчу ишканаларды жоюуу керек. Мамлекеттен чыкаан ток булагын, болуштуруп ортодо "акча" жасагандарды. Анан Электр жетекчилигине эски Ширшанын каракчы уюмундаагы адисти эмес. Колдук болсода тузук адисти койуш керек. Докасалар барбы??? Мээси ток жок очуп калдыбы???
Shabi

21.01.2023. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даканса
anash

21.01.2023. 14:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул жерге жаза кетейин силер биринчи ошондой айлык тузуп бергиле анан налог боюнча бут бардык жерге онлайн склад кылып атасынар продукты аябай кымбатайт булар чоон фирмаларга налогту кобойту ал фирма базарга берет кымбат базардан эл сатып алат ошондо налогту карапайым эл толойт скоро коросунор эл тушунуп калды уже чонотогунон берип жатканын кнч боло электе Акылынарга келгиле президент жана премьер министр А.Ж.С.Ж
zhaynak

21.01.2023. 14:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
700 кВт алынса мен ыраазы 1сомдон тологонго, а так 700кВтка 1сомдон толоп, калганына 2сом 14тыйындан толосок анда точно митинг болот.
Allah Akbar

21.01.2023. 14:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
zhaynak башканы билбейм көтөрүш керек светти ошондо мен эң аз дегенде 40 миң айлык алышым керек
Antiradikal12

22.01.2023. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Allah Akbar, минималдуу айлык 40 мин болсо бир жон эле элдин.....
Сага окшогон жугундукорлор элди эмес, озун гана ойлойт да.....
kriss120

21.01.2023. 16:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элди ойлогон башчы келбей койдуго бизге.Элди кыйнап бутмой болду бул бийлик.Зектер чёрныйлардын заманы болтат.
beytaanysh

22.01.2023. 08:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы экен, анда айлыктарды да которсун. Мугалимдердин айлыгын котордук дегени менен продукты, кийим-кече, кыскасы кымбатчылык болуп эки он беш отуз эле болуп калды. Алган 20минине бир ай жашай албайсын
Antiradikal12

22.01.2023. 13:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
beytaanysh, 1 кап ун 2500 сом, бир кг сары май 600, 1кг бал 600, эт 550с, бензин 60-65, дизель 70-78, кийим кече, курулуш материалдары ж.б. айтпай эле коелу..... Как будто АКШда жашап ай сайын 2-5 мин доллар алгандай го бааларыбыз........
Antiradikal12

22.01.2023. 13:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
21 тыйындан ондурулгон электр энергиясы элге 2,38 сомдон жетип жатса, ортодо чооооонннн коррупция бар экени сокурга да маалым. Ошол коррупцияны жойгондун ордуна электр энергиясынын баасын котором дейт бул саткын аферист.......
bond0202

22.01.2023. 13:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Машинаны камсыздардыр.озунду да камсыздандыр.ал аз келгенсип светти кымбаттатса жашоо кандай болот.дакансалар жоксунарго.айтып койгулачы силерди укса керек
Asmat84

22.01.2023. 22:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элди кырып алгыла эми тоноп бүттүңөр го. Жашоо өтө оорлошуп кетти.Баары кымбатчылык. Жыргап кетебиз дешти эле...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.