super.kg logo

35 жашка толгон Ильяз Абдыразаков туулган күнүн Египетте белгилеп жатканын айтты

 

20 жылдан ашуун убакыттан бери сахнада жүргөн эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков бүгүн, 21-январда 35 жашка толду. Ырчы туулган күнүн үй-бүлөсү менен чет өлкөдө белгилеп жатканын айтты.

"Туулган күнүмдү жылдагыдай лыжа тебүү менен эмес, быйыл үй-бүлө, жакындарым менен жылуу жерде сууда сүзүп тосуу насип кылыптыр. Азыр Египеттебиз. Быйыл чыгармачылыгымда пландар көп", - дейт ал.

Ильяз Абдыразаков 1988-жылы Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, ал эми апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген.

\

Ильяз кичинесинен ыр жандуу болуп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенип жүргөнүн маектеринин биринде айтканы бар. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган.

Бир концертте аранжировщик Мирлан Ниязов менен таанышып калып, аны ээрчип шаарга келе берген. Ошентип аранжировка боюнча алгачкы сабактарды ала баштаган. Кийин Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен "Санат" тобунда иштеп, ырдап калат. Топко караганда жеке чыгуу оңой экенин байкап, өз алдынча иштей баштаган. Өз өнөрү менен көптөгөн хит ырларды жараткан Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасында өз ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тараган.

Сахнага алгачкы жолу 1998-жылы Ошто Абдумалик Шерматов менен биргеликте 5 күндүк концертте чыккан. Ал маектеринин биринде: "Ырчылык кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Анткени өзүмдү кеңседе отуруп алып иштеген кызматкер катары элестете албайм", - деген.

Ырчы 2010-жылы Медина аттуу сулууга баш кошкон. Учурда жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

Белгилей кетсек, Ильяз Абдыразаков "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировкачысы", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси болгон.

21-январга карата жылнаама.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.01.2023. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяздын АРМАНЫМ деген ыры чыкканда, dvd сатып алганбыз атайын. Диск алып тан атканда койуп повторго кеч киргенде очурчу элек. Тажабай укчуубуз.Жапжаш кыздар элек козубузго укмуш сулуу корунчуу да:) Азыр карасам андай эле укмуш эмес экен эле:) :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: