super.kg logo

"Юморист катары сонун сюрпризим бар". Мыкы деген лакап аты менен таанылган тамашоучу Мыктыбек Мукаев 29 жашка толду

 

Тамашоучу, алып баруучу, актёр, Мыкы деген лакап аты менен таанылган Мыктыбек Мукаев бүгүн, 23-январда 29 жашка толду. Ал туулган күнү футболдо башталганын айтат.

"Туугандарым, досторум куттуктап чалып, жазганы эле болбосо, өздүк майрам деп көп деле тосо бербейм.
Туулган күнүм футболдо башталды. Дос балдар болуп жумасына бир жолу чогулуп, футбол ойноп турабыз. Ошол жактан биринчи куттуктоолор болду", - дейт ал.

Мыктыбек Мукаев 1994-жылы 23-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетине тапшырып, аны 2016-жылы аяктаган. Ал эми 2011-жылдан тарта күлкү дүйнөсүнө аралашып, университетте окуп жүргөндө орус тилинде өтчү КВНде ойноп баштайт. Кийин кыргыз тилдүү оюндарга катышууну чечип, "Тамашоу" долбоорунун 5-сезонуна "Политех" курама командасы менен чыккан.


Мыктыбек Мукаев орусиялык ырчы Григорий Лепстин образында...
Ал 2018-жылы "Эң Мыкы шоу" аттуу көңүл ачуучу көрсөтүүсүн негиздеген. Учурда алып баруучу жана сценарист катары иш алып барып жатканын билдирди.

"Кино жаатында актёрлук мага жылмайбай жатат. Көбүнчө эпизоддук кыска ролдордо ойноп жатам. Ал эми сценарист катары эки кинодо иштедим. Мага жакты, өзүмдү ошол жакта ыңгайлуу сезем. Алдыда сценарист катары жаңы тасмалардын титрлеринде жана ютуб проектилерде көрсөңүздөр болот. Жаз айына юморист катары сонун сюрпризим бар", - дейт Мыктыбек Мукаев.

23-январдын жылнаамасы.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: