Бишкек мэриясы мамыларга жарнактарды чаптабоону суранат





Бишкек шаардык мэриясы жарандардан мамыларга жарнакты чаптабоону суранат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери тирөөч мамыларды тазалоодо.
Жайында аталган башкармалыктын кызматкерлери шаардагы бардык тирөөч мамыларды тазалап, сырдап, иретке келтиришкен. Бирок убакыттын өтүшү менен мамыларга кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып жатканы кабарланат.
Шаардык мэрия жарандардан жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч мамыларга илбөөнү өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.