ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун IV этабы башталды
Жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Кабарга ылайык, талапкерлерди каттоо 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт.
"Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат. Андан соң абитуриент окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 28-январы саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.